super.kg logo

Ош. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине мааракелик медалдар тапшырылды

 

Бүгүн, 8-майда Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 26 ардагерине президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык “70 жылдык” мааракелик медалдарын ажонун атынан Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Ош шаардык кеңешинин депутаттары, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консулу У Ин Цин катышты. 

Шаар мэри Кадырбаев мааракелик төш белгини ардагерлерге сый-урмат менен тагып жатып: “Урматтуу ардагер ата-апалар өз өмүрлөрүн тобокелге салып, курмандыкка чалып, бизге жана бүт дүйнөгө эркин жана көз карандысыз жашоону камсыздашты. Биз, келечек муундар, ардагерлерибиздин эрдиктерин эч качан унутпашыбыз керек”,- деп баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: