super.kg logo

Ысык-Көл облусунда 240 жоокер аскердик ант берди

 
Бүгүн, 8-майда Каракол шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын 240 жаш жоокери аскердик ант берди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ардагерлер жана жоокерлердин туугандары катышты.

Усубалиев өз сөзүндө ар бир жаш жаран үчүн чек арада кызмат өтөө өлкө алдында чоң жоопкерчилик экенин белгиледи. “Мекенге кызмат кылуу – эр-азаматтын милдети. Биз мекенибиздин чектерин кайтаруу менен бирге өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана биримдигин коргойбуз. Андыктан ар бир чек арачы чек арада кыраакылык менен кызмат өтөп, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу өлкөдө тынчтыкты жана бакубаттуулукту камсыздоого мүмкүнчүлүк берерин унутпашы керек”,- деди ал. 

Аскердик ант берген жоокерлерди иш-чаранын коноктору да куттукташты.

Жаш жоокерлер окуу курсунан өтүү убагында мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча теориялык билим алышып, ок атуу, саптык, тактикалык даярдыктардын негиздерин окушту.

Аскердик ант берген жаш жоокерлер мындан ары республиканын түндүк аймагындагы чек ара заставаларында кызмат өтөшөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекен сакчыларына албан ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: