super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Макай Усуповду куттуктады

 

Бүгүн, 8-майда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Макай Усуповду Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

Вице-премьер ардагерге өлкөнүн президенти тарабынан уюштурулган Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган мааракелик медалды тапшырды. “Тынч заманда согуш командири белгилүү коомдук ишмер жана окумуштуу катары эмгектенди. Макай Усуповдун согуштук тажрыйбасы жана бүткүл жашоосу биз жана өсүп келе жаткан муун үчүн мыкты өрнөк боло алат. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана өкмөт ардагерлерибиздин камкордук жана жылуу мамиледен кем болбоосу үчүн колдон келген аракетин жасайт”,- деди Маматалиев.

Ардагердин уулу Марат Усупов вице-премьерден кандуу согушка байланыштуу ардагер тарабынан конкреттүү фактылардын негизинде жазылган “Эскерүү китебин” жарыкка чыгарууга көмөктөшүүнү өтүндү. “Китепте кыргыз мамлекетинин Улуу Жеңишке кошкон салымы фактылардын негизинде так берилген. Китеп биздин атабыздын доктордук иликтөөсү деп айтсак болот, ал мунун үстүндө бир канча жыл эмгектенген",- деди Усупов.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: