Кыргыз жеринде банкрот абалына кептелген 322 субъект бар
Учурда кыргыз мамлекетинде банкрот болуу процессинде турган 322 субъект бар. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Экономика министрлигинен билдиришти. Булардын көпчүлүгү (242си) активи жок, жетекчисинин жүргөн жери такталбаган карыздарлар экени айтылды.
"Айтылган субъекттер дайыма күтүлгөн салыктык эсептөөлөрдө эске алынып жатат, аларды банкрот деп табуу ушуга байланыштуу болууда. Мындан тышкары салык тууралуу мыйзамдарда бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарды кечүү жагы каралган эмес. Аларды реестрден чыгаруунун жалгыз жолу - банкрот деп табуу",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

