super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун 87 жаштагы ардагерин майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 8-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 87 жаштагы Борис Кубринди Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, министрликтин жетекчилиги Борис Кубринге фашисттик баскынчыларга каршы салгылашта баатырдыгын көрсөтүп, бүгүнкү муундун бейпил жашоосуна салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлык тапшырды.

Айта кетсек, ардагер 1941-жылы 18 жашында согушка аттанган. 1945-жылы Жарандык коргонуу тармагында аскер кызматында иштеп, кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ардактуу эс алууга чыккан. Учурда ардагер Бишкек шаарында жашап, 3 баланын жана 6 неберенин кадырлуу төрүндө өмүр сүрүп келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: