super.kg logo
  Саясат  

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары расмий эмес жыйын өткөрүштү

 
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары бүгүн, 8-майда Москвада расмий эмес жыйынга чогулушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. Акаевдин айтымында, расмий эмес жыйын өз убактысынан кечигип башталды. 
Маалым болгондой, алгач жыйында Орусия президенти Владимир Путин жыйында отурган мамлекет башчыларды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Андан соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады. Жыйында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге бул жыйынга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алдында чогулуп отурганы маанилүү экенин айтты.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: