super.kg logo
  Саясат  

Ислам Каримов Москвада Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө чычалады

 
Москвада 8-майда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү. Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Жеңиш күнүнө карата Москвада өтүүчү саммитке келүүгө мүмкүнчүлүк таппаган КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин сынга алды. Президент саммитке катышууну аталар менен чоң аталарга, энелерге жана чоң энелерге урмат көрсөтүү деп эсептей турганын белгиледи. Өткөндү унутуп, Москвада белгиленчү Жеңиш майрамына келе албаган мурунку СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн башчылары келечекте жооп берерин айтты. Президент сөз арасында "жеңишти эч ким бөлүп албашы керек" деп билдирди. 
Атамбаевдин мындай пикирине Өзбекстандын президенти Ислам Каримов чычалады. Өзбекстандын лидери өткөндү унутууга эч ким аракет кылбаганын, жеңиш жалпы экенин айтып, "ар бир өлкө, ар бир эл жана ар бир президент эмнени, кайда, кантип өткөрүүнү тандоого укуктуу" деп жооп узатты жана Алмазбек Атамбаевдин оюна таптакыр кошулбай турганын билдирди. 
Каримов актанып, калыс сөзү үчүн кайра Атамбаевге күнөө койгону жатканда кыргыз президенти анын сөзүн ортосунан бөлүп, "мен жеке пикиримди билдирип жатам" деп өзбек кесиптешин терикпөөгө чакырды. Каримов аталган согуштагы жеңишке өзбек эли да салым кошконун айтып, өз оюнан кайткысы келген жок. Улуу Ата Мекендик согушка Өзбекстандан 6,5 миллион адам барып, анын 500 миңдейи согуштан кайтпаганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын президенти Москвада 9-майда өтүүчү салтанаттарга катышпай турганы буга чейин бир нече жолу маалымдалган. Мындан тышкары Беларусь президенти Александр Лукашенко да Жеңиш майрамын Минскте белгилей турганын, 8-майдагы Москвадагы жолугушуулардан кийин түндөп болсо да өлкөсүнө кетерин билдирген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: