super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Москвада орусиялык жана казакстандык тараптарга өзгөчө ыраазычылык билдирди

 
8-майда Москвада кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча соңку документтерге кол коюлган соң президент Алмазбек Атамбаев орусиялык жана казакстандык тараптарга өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. 
Өз сөзүндө Атамбаев кыргыз мамлекети өткөн жылдын декабрындагы жолугушуудан кийин Евразия экономикалык биримдикке толук кандуу кошулуу үчүн макулдашылган тиешелүү бардык иш-чараларды жүзөгө ашыргандыгын белгиледи.

“Кыска мөөнөттүн аралыгында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишимдин протоколдору иштелип чыгып, макулдашылды. Евразиялык экономикалык комиссиянын стандарттарына жооп берген бажы постторун, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууга көп күч жана ресурс багытталды.

Ушуга байланыштуу кыргыз жериндеги кесиптештерине жалпы максатка жетүүдө көмөк жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн биримдикке мүчө-мамлекеттеринин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип койгум келет”,- деди мамлекет башчысы.

Айта кетсек, 8-майда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча соңку документтерге кол коюлду. Арасында кыргыз мамлекетинин бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кирүүсүн жөнгө салган документтер бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: