super.kg logo

Баткенде сел жүрүп, 6 үйдү суу каптады жана айрым унаа жолдору бузулду

 
Баткенде сел жүрүп, 6 үйдү суу каптады жана айрым унаа жолдору бузулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 9-майда ӨКМнын басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди. Анын айтымында, сел 8-май күнү Исфана шаарындагы Сумбула айыл аймагында, Андарак айылында, Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында, Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жүргөн. 

Исфана шаарындагы Сумбула айыл аймагында 8-май күнү саат 15:45те нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Исфана-Сай-1 сайында сел жүргөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

“Азоб” чегиндеги Сумбула айыл аймагынын балансындагы курулуп жаткан каналда даярдалган лотокту агызып кеткен. Ички чарбалык унаа жолдун 800 метр аралыгын сел жууп, кум, шагыл, ылайга толуп калган.

Коммуна айылындагы Майдан чегине өтүүчү 400 метр унаа жолу бузулган. Калыбына келтирүү иштерин Сумбула айыл аймагы тарабынан 1 экскаватор, 1 КамАЗ жүргүзүүдө.

Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында 1 турак үйдүн пайдубалынын (бетондолбогон) жана 3 чарбалык курулуштун пайдубалынын (бетондолбогон) ичине сел суулары кирген, бузулган эмес. Ички чарбалык унаа жолунун 700 метр аралыгы кум, шагыл, ылайга толгон.

Ош-Исфана-Баткен унаа жолунун 290-чакырымында сел жүрүп, жол каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Жолду Кытай Республикасынын “Чайна-Роуд” компаниясы тейлеп жаткан. Исфана-Көк-Таш жолунун 11-16-чакырымдарына кум, шагыл, ылай толуп, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Исфана-Тайлан-Ак-Булак унаа жолунун 1-чакырымындагы көпүрөнү ылай, кум басып калган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 8-майда саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылында, Баткен-Исфара унаа жолундагы сел өтүүчү түтүктөрдөн сел ашып, 5-6 турак үйдүн пайдубалына сел суулары кирип, 20 чарбалык курулуштар кум, ылайга толгон. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Учурда 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам сел өтүүчү түтүктөрдү сел калдыктарынан толук тазалашты.

Ал эми келтирилген зыяндар боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Райондук жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.05.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай жаман болуптур. Аллах сабр берсин бир туугандар озу негедир ушу мамлекет баткен
тарапка анчалык маани бербейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: