Улуттук гвардиянын 75 аскери Москвадагы Кызыл аянтта параддан өттү



Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Орусиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта аскердик жүрүш өтүүдө. Жүрүштөн кыргыз мамлекетинин атынан барган Улуттук гвардиянын 75 аскери да өттү.
Аянттагы аскердик жүрүшкө президент Алмазбек Атамбаев жана кыргыз жеринен барган 13 ардагер күбө болууда. Алар: М.Нургазиев, С.Садыков, Т.Тамашаев, А.Усубалиев, С.Сейдакматов, А.Кутмамбетов, А.Варавин, С.Ералиев, М.Бакиров, Т.Чотбаев, Ш.Шатманов, А.Мамарасулов жана К.Акунов.
Ал эми ал аянтта 20дан ашык мамлекеттин башчылары да бар. Учурда Орусиянын аскердик техникалары көрсөтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Коомдук этикага туура келбеген, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.