Ош шаарындагы аскердик парадга шаар тургундары курман болгон согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты (фото)








Бүгүн 9-Май - Улуу Ата Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош шаарында чоң программадагы театрлаштырылган майрамдык салтанат болууда. Иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын жана Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консулдары, Жогорку Кеңештин депутаттары, согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышып жатышат.
Түштүк-Батыш аскер гарнизонунун кол башчысы Айтмамат Кадырбаевге аскердик парад даяр экендиги тууралуу билдирүү жасаган соң салтанат башталды. Ал эми аскердик парадга шаар тургундары курман болгон согуш ардагерлеринин сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
Шаар башчысы Улуу Жеңиш көп улуттуу СССР элинин биримдиги жана чыдамкайлыгы, ынтымакка ширелишкен кайратмандыгы менен гана келгендигин белгиледи. “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жалпы Советтер Союзунун элинин, анын ичинде кыргыз мамлекетинин жалтанбас эр-азаматтары фашисттик Германияга жана анын союздаштары Италия, Венгрия, Румыния, Финляндия жана Японияга каршы мекенинин көз карандысыздыгы үчүн күн-түн ажал оту менен арбашып, салгылашышкан. Бул каардуу согуштун кара тагы каптабаган, согуш ызасын тартпаган бир да үй-бүлө жок экендигин кейиштүү белгилөөгө болот. Согушка аттанып, кан майдандан эсен-аман кайтып келген ардагерлерибиздин саны күндөн-күнгө азайып барууда. Аларга болгон урмат-сыйыбыз жогору”,- деди Кадырбаев.
Андан соң мэриянын атынан калаадагы 26 ардагердин ар бирине 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Учурда Ош шаарында согуштун 26, ооруктагы эмгектин 54 ардагери жашайт.

