super.kg logo
  Спорт  

Бишкектеги кыргыз күрөшү боюнча мелдеште балбандар чөп үстүндө күрөшүүдө

 
Бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында жана жалпы эле республиканын аймагында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган спорттук мелдештер өтүүдө. Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондогу кыргыз күрөшү боюнча мелдеш Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган. Жааган жаанга байланыштуу күйөрмандар күрөштүн токтоп каларын айтып, тынчсызданып жатышкан. Бирок жаан жааганына карабай балбандар көк шибер үстүндө күрөшүштү. Алардын чөп үстүндө күрөшүүсү балбандарга даярдалган күрөш килеминин суу болуп калганы менен байланыштуу эле. 
Мелдештин расмий ачылышында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Улукбек Марипов президенттин куттуктоосун окуп, президенттин фондунан бөлүнгөн каражатты уюштуруучуларга тапшырды. Андан соң ЖКнын депутаты Жусупали Исаев жана ички иштер министри Мелис Турганбаев сөз сүйлөштү. 
Кошумчалай кетсек, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 320 спортчу катышууда. Анда 3 салмакта (75 килограмм, 90 килограмм, 90 килограммдан жогорку салмакта) чемпиондор аныкталат. Баш байгеге Мерседес үлгүсүндөгү унаа коюлган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.05.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне ички иштер министиринин дагы фомилясы мырзакматовбу?
10.05.2015. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кожобеков кана???
12.05.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant86, саламатсызбы!
Кабар Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору берген маалымат боюнча такталып жазылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: