super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болууну талап кылат"

 
Президент Алмазбек Атамбаев 10-майда Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

"Урматтуу банк чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Банк системи улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоодо жана мамлекеттин финансылык туруктуулугун сактоодо зор мааниге ээ. Калкыбыз жана ишкерлерибиз үчүн финансы ресурстарынын жеткиликтүү болушу сиздердин ишиңиздерге жараша болот.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болууну талап кылат. Кыргыз мамлекетинин банктары экономикалык өсүшкө өбөлгө болушу керек. Ошол эле учурда түзүлүп жаткан эл аралык мамилелердин жана интеграциялык процесстердин шарттарында жаңы экономикалык шарттарга даяр туруу зарыл.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында банк системине жана чакан каржылоо секторуна маанилүү милдет жүктөлгөн. Банктар тарткан каржы каражаттары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө – жаңы ишканаларды ачууга, жумушчу орундарын түзүүгө жана адамдар үчүн керектүү продукцияларды чыгарууга жумшалышы керек.

Урматтуу банк системинин кызматкерлери!

Кыргыз мамлекетинин улуттук экономикасын чыңдоо жылы сиздерге чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө. Каржылык-насыялык системибизди өнүктүрүү жана бекемдөө, ошондой эле өлкөбүздүн инвестициялык жактан жагымдуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайсыздар деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, өлкөбүздүн бакубаттыгы үчүн жасап жаткан ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!"

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: