super.kg logo

Кадамжай шаарында спорттук зал ишке кирди

 

8-майда Кадамжай шаарында өспүрүмдөрдү спорттун кикбоксинг түрү боюнча машыктыруучу залдын ачылыш аземи болду. Ага ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Баткен ОИИБинин башчысы Ашим Тагаев, Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук спорт комитетинин кызматкерлери катышты.

Баткен ОИИБинен кабарлашкандай, анда жаш спортчуларга шаймандар белекке берилди. Андан соң Кадамжай шаарчасынын “Металлург” стадионунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата кикбоксинг боюнча мелдеш өттү. Мелдешке Тажикстан жана Казакстандан да спорт чеберлери чакырылган.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: