super.kg logo

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган республикалык көркөм окуу сынагы эртең жыйынтыкталат

 

Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган республикалык көркөм окуу сынагынын жыйынтыгы 12-майда чыгарылып, 13-майда сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти. Белгилүү болгондой, сынак былтыр жарыяланган жана анын негизги максаты тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, көркөм адабий чыгармаларды жайылтуу жана тилдер саясатын өркүндөтүү болуп саналат. Иш-чаранын жобосуна ылайык, республикалык көркөм окуу сынагы аймактарда кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлдү. Аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп, мыкты 40 окуучу тандалып, сынакка жолдомо алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: