ЭЛДИК КАБАР: Екатеринбургда 5 жашар кыргыз бала апасы үйүнөн кууп жибергенин айтып, атасын издөөдө

Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек аттуу 5 жаштагы кыргыз бала апасы үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасын издөөдө. Бул тууралуу Болсунбекке жолуккан окурман 10-майда WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
кошулду
Автор: Жамалидин Парманкулов
Окурмандын айтымында, бала көчөдө жүргөндө полиция кызматкерлери көрүп калышып, аны ооруканага беришкен. "Болсунбек атасынын атын Майрамбек, апасынын атын Гүлмира деп айтты. Эгерде баланын ата-энеси табылбаса, оорукана жетекчилиги аны балдар үйүнө тапшырарын билдирип жатат",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
кошулду
Орусияда 5 жашар кыргыз бала атасын издөөдө
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
0

Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, "Көчүрүү" баскычын басыңыз: http://www.super.kg/media/uservideo/141179/
Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!