super.kg logo
  Спорт  

“Нефтичи” футболдук клубу беттеш калысына өчөшүп, оюн маалында майдандан чыгып кеткен 16 оюнчу менен келишимди бузду

 

2010-жылы футбол боюнча өлкө чемпиондугун уткан кочкор-аталык “Нефтичи” клубу 16 оюнчусу жана башкы машыктыруучусу Мухаммед Ахмедов менен келишимди бузду. Мындай чечим 2-майда команданын кезексиз жыйынында кабыл алынды.

SUPER.KG порталына кыргыз мамлекетинин Футболдук Лигасынан кабарлашкандай, клубдун мындай кадамга барышына оюнчулардын жана машыктыруучунун 2-майда оюн учурунда майданды таштап кетишкени себеп болгон. Анда Биринчи Лиганын алкагында “Нефтичи” конокто куршабдык “Алдиер” менен ойноп жаткан. Оюндун бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда 1:0 эсебинде куршабдыктар утуп жатышкан. “Нефтичинин” оюнчулары калыстын чечимине нааразы болуп, майданды таштап кетишкен. “Кочкор-Ата шаарынын намысын коргоп келген футболдук клуб кыргыз футболчуларына, жалпы эле ушул тармакта сабак болсун деп оюнчуларды клубдун мүчөлүгүнөн четтетти. Бул аябай жакшы кадам болду. Буга карабай Футболдук Лиганын дисциплинардык комитети клубду акчалай айыпка жыкканга мажбур”,- деп кошумчалашты Футболдук Лиганын өкүлдөрү.   

Ал эми “16 оюнчусу менен коштошкон “Нефтичи” эми Биринчи Лигада ойнобой калабы?” деген суроого төмөнкүдөй жооп алдык: “Негизи, клуб жыл башында лигага катышуу тилегин билдирип, 35 оюнчуну каттоодон өткөргөн. Эми мелдешке клубдун жаш оюнчулары катыша беришет”.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: