super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкө биринчилигинде “Дордой” клубу “Кейжи Юнайтед” командасын 6:1 эсебинде утуп алды

 

Футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында бишкектик клубдар “Дордой” менен “Кейжи Юнайтед” беттешти. Беттеш 6:1 эсебинде аяктап, “Дордой” 3 упайга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыргыз мамлекетинин Футболдук Лигасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “дордойчуларга” ири эсептеги жеңиш алып келген 3 голду Мирлан Мурзаев (28, 50, 71-мүнөттө), 2 голду Алмазбек Мирзалиев (31, 82-мүнөттөрдө) жана дагы бир голду Динмухамед Таалайбеков (85-мүнөттө) киргизди. 

Бул оюнда киргизилген голдор “Дордойдун” чабуулчуларынын бомбардирлер тизмесинде алдыга суурулуп чыгуусун шарттады. 

Быйылкы сезондо эң көп гол киргизген 5 оюнчу:

6 гол - Алмаз Мирзалиев (“Дордой”)

- Мирлан Мурзаев (“Дордой”)

2 гол – Давран Ражапов (“Кейжи Юнайтед”)

- Тимур Султанов (“Алай”)

- Калимулла (“Дордой”) 


Мелдеш жадыбалы: 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: