Бүгүн Чемпиондор Лигасында "Бавария" менен "Барселона" футбол клубдары финалчыны аныкташат














Бүгүн, 12-май түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын алгачкы финалчысы аныкталат. Тактап айтканда, "Бавария" менен "Барселона" футбол клубдарынын ортосунда жооптук оюн орун алат. Биринчи беттеште катталган 3:0 эсеби "Барсанын" финалга чыгуусуна болгон мүмкүнчүлүгүн бир топ арттырып койгон. "Бавариянын" курамында дагы да болсо Франк Рибери, Арьен Роббен, Давид Алаба сыяктуу лидерлери жаракаттан улам командага жардам бере алышпайт.
Автор: Максат Кудайбердиев
“Бавария” (Германия) – “Барселона” (Испания)
Жарым финал. Жооптук оюн (Алгачкы оюндагы жыйынтык – 0:3)
Мюнхен шаары. “Альянц Арена” стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бироок финалда Реалдан жеңилет хе хе хе
барсабы бавариябы реал учун екотен бирдей,алга реал