Кадамжайлык активисттер Эл аралык билим олимпиадасында ийгилик жараткан окуучуларды сыйлашты








Эл аралык билим олимпиадасында ийгиликке жетишкен кадамжайлык окуучулар активисттер тарабынан 9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө иш-чарасына чакырылып, грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу 11-майда SUPER.KG порталына "Кадамжай жаштары" коомдук фондунан билдиришти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, сыйланган окуучулардын катарында Кения, Грузия сыяктуу мамлекеттердеги Эл аралык олимпиадада жеңишке жетишкен окуучулар болушту. Буга чейин Калысбек Исаев Грузияда өткөн сынакта 3-орунду, Кубанычбек Имаралиев 1-орунду багындырган.
Жалпысынан Кадамжайда Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө 5 миңден ашуун адам катышты. Концерттик программадан сырткары Маданият үйүнүн алдында цирк өнөрпоздору өнөрлөрүн тартуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.