Өлкөдө балдардын эмгектенүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган бир айлык башталды











Бүгүн, 12-майда өлкөдө бойго жете элек балдардын эмгектенүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган "Балдар эмгегине - жок. Сапаттуу билим берүүгө – ооба" деген ураан астында бир айлык башталды. Иш-чараны КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык эмгек уюму уюштурушууда. Маалым болгондой, бир айлыктын негизинде Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жергиликтүү бийликтин жана өкмөттүк органдардын, профсоюздардын, жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн, жаштар борборлорун, ата-энелерди жана жөнөкөй активдүү жарандарды балдар эмгеги менен күрөшүү процессине үндөгөн ар кандай маалымыттык акциялар өтөт.
"Дүйнөдө 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 120 миллион бала өз курагына жана жетилишине ылайыксыз оор жумушка тартылат жана бул курактагы топто балдар менен кыздар бирдей үлүштү түзүшөт. Балдар эмгегинин кенен таралуусунун себеби жакырчылык, чоң адамдардын арасындагы татыктуу эмгектин жетишсиздиги, социалдык коргоонун жоктугу болуп эсептелет.
Бир айлык 12-июнда, Балдар эмгеги менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүндө Бишкекте улуттук конференция менен жабылат. Ага парламенттин, өкмөттүн, социалдык шериктештердин, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын катышуусу күтүлөт",- деп жазылат маалыматта.

