Катарда өткөн Азия чемпиондугунда 4 медаль уткан эркин күрөш курамасы Бишкекке кайтып келди






9-майда Азия чемпиондугунда байге алган эркин күрөш боюнча улуттук курама Катардын Доха шаарынан Бишкекке келип түштү. Балбандарды Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директорунун орун басары, “Бээжин-2008” Олимпиадасында коло медалга ээ болгон Руслан Түмөнбаев тосуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, бул курам Азия чемпиондугунда 4 медаль тагынды. Айаал Лазарев (125 килограмм салмакта) алтын, Магомед Мусаев (97 килограмм) менен Самат Надырбек уулу (57 килограмм) күмүш тагынган. Ошондой эле Эламан Догдурбек уулу 70 килограмм салмакта коло медалды багындырган. Жыйынтыгында эркин күрөш боюнча курамабыз мелдеште командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Adish

12.05.2015. 10:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар жердештер ардайым медалдарды тагынышынарды каалам ,Аллах таала колдоп журсун силерди.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.