Жалал-Абад шаарында кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдөө башталды
Жалал-Абад шаарында бүгүн, 12-майда кызамык жана кызылча оорусунун алдын алуу үчүн эмдөө башталды.
Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка таянсак, шаарда эмдөө үчүн 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана 2 ФАП кызмат көрсөтүүдө.
"Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери тарабынан буга чейин шаардагы бала бакчалардын тарбиячыларына жана мектеп мугалимдерине, окуучуларга кызамык жана кызылча оорусу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми бүгүндөн баштап 1 жаштан 20 жашка чейинки балдар, бала бакчалардан баштап жогорку окуу жайлардын студенттерине чейин эмдөөдөн өтүшөт",- деп билдирди Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Маматжан Миянов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















