super.kg logo

Бүгүн мектеп отличниктери тестирлөөдөн өтүшөт

 
Бүгүн, 12-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан артыкчылык аттестатты алуучулар бирдиктүү тестти тапшырышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тестирлөө республика боюнча 24 түйүндө өтөт. "11-классты бүтүрүүчүлөр 4 сабак (эне тили, алгебра, кыргыз тарыхы, мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдери) боюнча тесттерди тапшырышат",- деди Сариева.
"Артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болгон бүтүрүүчүлөр тиешелүү сабактар боюнча мамлекеттик аттестациядан бошотулушат. Мындан тышкары артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөр негизги жана предметтик тесттерден босоголук көрсөткүчтөн жогору балл алса, жалпы республикалык тестирлөө боюнча предметтик тестке кошумча 20 баллдан алышат. Ошондой эле артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчү каалаган колледжге экзамендерсиз тапшыра алат",- деп түшүндүрдү министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: