Бишкекке Түркиянын Токой жана суу чарба министрлигинин делегациясы келди
Бишкекке бүгүн, 12-майда өлкөлөр ортосундагы токой чарба тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу алкагында Түркиянын Токой жана суу чарба министрлигинин делегациясы келди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти. Делегация менен агенттиктин статс-катчысы Бахтияр Абдиев жолугушуп, токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү маанилүү милдет экенин белгиледи. Эки өлкө өз кызыкчылыктарын коргоо менен тармакта жемиштүү кызматташарын айтты.
Маалыматка таянсак, делегация Чүй жана Ысык-Көл облусундагы токой чарбалардын иши менен таанышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
2

