Эльвира Сариева: "1-сентябрдан баштап бардык мектеп окуучулары бирдей форма кийүүгө милдеттүү"

"Быйылкы жаңы окуу жылынан баштап бардык мектеп окуучулары бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө милдеттүү",- деп билдирди бүгүн, 12-майда маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.
Автор: Нургазы Аматов
Министр учурда окуучулар билими менен эмес, кийими менен атаандашып жатканын белгиледи. "Бирдиктүү мектеп формасын кийүү мектептин жобосунда белгилениши керек. 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта тийиштүү буйрук күчүнө кирет. Мектептерде тартип орнотуу максатында ушундай чечимге келгенбиз",- деди министр.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 1-июлунда бирдиктүү мектеп формасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Форманы "милдеттүү түрдө" кылышып эң жакшы иш аткарышыптыр.Давно ушинтиш керек болчу.
Себеби бизде азыр демократия, демократиянын мыйзамы элдин ою менен ишке ашат, а бизде 85 пайызы Мусулмандар, демек хиджапка каршы болбоосу керек!