Непалда кайрадан күчү 7,4 баллга жеткен жер силкинүү катталды

Бүгүн, 12-майда Непалда кайрадан күчү 7,4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына таянсак, жер силкинүү өлкө борбору Катманду менен Эверест тоосунун ортосунда катталган. Анын таасири Индия жана Ооганстан мамлекеттерине да жетти. Ал эми азырынча андан кыйроолор жана жапа чеккендер тууралуу маалымат жок.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 25-апрелде Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 8 миңге жакындап калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Туура айтасыз.Эсин барда этегини жый,- дейт эмеспи. Аллахым башкаларга сабак болсун учун эскертуу берип жатат.Аллахым мындай азаптан сактасын.