Ош. Артыкчылык аттестатын алууга талапкер бүтүрүүчүлөр сынак тапшырууда
Бүгүн, 12-майда Ош шаарындагы №7-мектепте артыкчылык аттестатын (кызыл) алууга талапкер бүтүрүүчү класстын окуучулары сынак тапшырууда. Сынакта КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген 4 сабактан (кыргыз тили, орус тили, математика жана тарых) суроолорго жооп берип, андан эң жогорку баа алган окуучулар гана артыкчылык аттестатын алуу укугуна ээ болушат.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, артыкчылык аттестатын алууга талапкер бүтүрүүчүлөрдүн 10-11-класстарда окуган чейректик, жылдык баалары жалаң “5” болуп, коомдук иштерге жигердүү катышуусу эске алынган. Былтыркы окуу жылында Ош шаарындагы мамлекеттик мектептердеги бүтүрүүчү класстын 10 окуучусу артыкчылык аттестатын алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.