super.kg logo

Кооздугу менен көз жоосун алган кызгалдак талаасынан фоторепортаж

 

Кызгалдактар - кызыл өңү талаанын,

Кызыктырат кыялындай баланын.

Тынчтык күнгө ынтымакты чакырып,

Тыңшагансыйт биримдиктин кадамын.

Кызгалдактар кызылындай кырмандын,

Кылымды ырдап ыргал, ыргал, ыргалгын!

Өткөн күндөн эртеңки күн бай болуп,

Өсө берсин эл-жерибиз жылдан-жыл!

Кызгалдак гүлүнө арналган дал ушундай ыр белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын калемине таандык. Боёк болуп сүрөтчүнүн кагазынан, сыя болуп акындын ак кагазынан орун алган кызгалдак гүлү жаз мезгилинин экинчи жарымында талаага өзгөчө көрк берет. Кызгалдактуу талааларды ырчылар тарткан клиптерден, социалдык тармактардын колдонуучуларынын баракчаларынан да көрүүгө болот. Бишкектин айланып өтмө жолунун боюндагы гүлдөр ары-бери өткөндөрдүн көзүн кызыктырып, сезондун "хити" болуп турат. 

Айта кетсек, кызгалдактын 75 түрү бар, алар көбүнчө Орто Азия, Жакынкы Орусия, Чыгыш Сибирь жана Алтайда жакшы өсүшөт. Кызгалдактар биз билген кызыл гана түстө боло бербейт, ак жана сары түстөрү да кездешет. Бул гүлдөр тоолуу, таштак жерлерде, отоо чөптөрүнүн арасында да, башкача айтканда, табият шартынын катаалдыгына карабай жашап кетчү өсүмдүктөрдүн түрүнө киришет.       






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
12.05.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мммммм.... Туулган айылым, бала чагым.... Азыр Алматыдамын, 5 кун мурун достор менен маевкага чыкканбыз. Коз жоосун алган кызгалдактарды аралай тердим. Бирок жыты бала чагымдагы, оскон айылымдагы кызгалдактын жытына окшошподу....
12.05.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Medina87, кызгалдактарды терип чеки иш кылыптырсын аттин...! Жон койсон жаратылыштын коркуно корк кошуп турмак! Ахх кандай кооз жаратылыш... Эхх чиркин бул булунткуч аламзаты...
12.05.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Воронцовкадан Бишкекти коздой келе жатканда, адыр жакта укмуштай керемет болуп корунот экен.)
12.05.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай сагындым Кыргыз жеримди суусун абасын,тоолорун,кочолорун,Элин,алтын ата-энемди бир туугандарымды эстегенде кусалык ыссык коз жаштарым бетимди жууйт.Эээээээх........
12.05.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бары_бир бала4акты сагындым атыр жыту айылды сагындым мени сагынган баарынды ехх
12.05.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кереметтуу жерибиздин кооздугуна суктануу менен карап тойбойсун го чиркин.
13.05.2015. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулдоп бутуп калыптырго
13.05.2015. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jeenkulov91, ээми башталыптыр гүлдөп
01.06.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваууууууууууу кандай коз кызгалдактааар сооооооооооооонунгоооооооооооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: