Непалдагы дагы бир жер силкинүүдөн 17 адам каза таап, 150дөн ашык адам жаракат алганы айтылды

Бүгүн, 12-майда Непалда кайрадан күчү 7,4 баллга жеткен жер силкинүү катталып, кырсыктын кесепетинен 17 адам каза болуп, 150дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалыматка таянсак, каза болгондордун жетөөсү Непалдын, ону Индиянын тургундары.
Непал полициясынын расмий өкүлү Камал Сингх Бан кырсыктан каза болгондордун жана жабыр тарткандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтты.
"Биз азырынча Синдхупалчок району тараптан 4 адамдын, Катманду тараптан 3 адамдын каза болгонун жана 150 адам жаракат алганын тастыктадык. Башка райондордон маалымат түшө элек. Ошондуктан каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны өсүшү мүмкүн",- деди полиция өкүлү.
Ал эми Индиянын чыгыш тарабындагы Бихар штатында бир нече адам жаракат алып, 10 адамдын жансыз денеси табылды.
Жер силкинүү өлкө борбору Катманду менен Эверест тоосунун ортосунда катталып, анын таасири Индия жана Ооганстан мамлекеттерине да жеткен.
Айта кетсек, 25-апрелде да Непал өлкөсүндө күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 8 миңге жакындап калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
bema_bema

12.05.2015. 19:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ аллах тынчылык болсун
kama_future_millioner

12.05.2015. 20:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бөдө кырсыктан сактай көр Аллахым
oskaridze

12.05.2015. 23:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каргыш тийген жергоо
Erkekterdin-erkegi

13.05.2015. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жондон жон алла таллам жибере бербейт кырсыкты
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.