"Балдарын кызамык жана кызылча оорусуна каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энени мажбурлаганга болбойт" дейт бала бакчанын башчысы
Жалал-Абад шаарындагы №16-балдар бакчасында кызамык оорусуна каршы буга чейин ата-энелерге, тарбиячыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга кызамык боюнча керектүү маалыматтар камтылган баракчалар таратылган. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Митивар Эргешовага шилтеме берүү менен шаардык мэриядан кабарлашты.
"Биздин тарбиялануучу
балдарыбыздын ата-энелери өздөрүнүн
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан эмдөөдөн өтүп келишкендиги тууралуу
тактама алып келишет. Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге эч кандай мажбурлоо
болбойт. Азырынча биздин бакчада эмдөөгө каршы эч ким жок. Ал эми эмдөөдөн кийин балдар бакчада жүрүп
ооруп калышса, биринчи жардам бергенге
дарыларыбыз бар",-
деп билдирген
М.Эргешова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:17
2025-11-07
22:29
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















