Непалда бүгүн да эки ирет катуу жер силкинип, каза болгондордун саны өсүүдө
Зилзаладан бери дегенде 42 адам каза болуп, 1100дөн ашуун адам жаракат алганы айтылды.


Зилзаладан бери дегенде 42 адам каза болуп, 1100дөн ашуун адам жаракат алганы айтылды.

Миңдеген жергиликтүү тургундар жердин силкинүүсү "кайрадан кайталанабы" деген коркуу сезим менен көчөдө баш калкалоого аргасыз болушууда.

Кырсыктын таасири өлкөнүн 26 районунан сырткары Индия, Ооганстан жана Бангладеш мамлекеттерине да жеткен.
Бүгүн, 12-майда Непалда түшкө жакын кайрадан эки ирет жер катуу силкинди. Зилзала саат 12:45те өлкө борбору Катманду менен Эверест тоосунун ортосунда катталып, күчү 7,4 баллга жетсе, андан 30 мүнөт өткөн соң Катмандуда күчү 6,3 баллга жеткен силкинүү кайталанды.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Зилзаладан бери дегенде 42 адам каза болуп, 1100дөн ашуун адам жаракат алганы айтылды. Кырсыктын таасири өлкөнүн 26 районунан сырткары Индия, Ооганстан жана Бангладеш мамлекеттерине да жеткен. Ал эми Индиянын чыгыш тарабындагы Бихар штатында бир нече адам жаракат алып, 10 адамдын жансыз денеси табылды.
Учурда бир катар мамлекеттер куткаруу иштерине көмөктөшүп, ошол эле учурда гуманитардык жардамдарын жеткирүүдө. Кыйроолор көп болгондуктан, жалпы жонунан каза болгондордун саны өсүүдө. Миңдеген жергиликтүү тургундар жердин силкинүүсү кайрадан кайталанабы деген коркуу сезим менен көчөдө баш калкалоого аргасыз болушууда.
Айта кетсек, бул өлкөдө 25-апрелде да күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Андан каза болгондордун саны учурда 8 миңге жакындап, жаракат алгандар 18 миңге жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
soccer_boy95

12.05.2015. 21:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым кырсыктардан сактасын..
Janyl-aiym

12.05.2015. 21:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай сактасын. Адам затынын пейили да озгоруп баратат да кудайдын каарына калып...
Patriot...kg

12.05.2015. 22:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көңүл айтам
Suma9

12.05.2015. 23:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алланын буйругу пендеси эч каршы чыга албайт экенбиз.
Nurlankg92

13.05.2015. 00:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактай кор кудай.
naaazka

13.05.2015. 10:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдардын пейилине жараша болуп жататда кудайым озун сактай кор.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.