Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, бирин Өзбекстан тарапка алып кетишти

Бүгүн, 12-майда кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, бирин Өзбекстан тарапка алып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева тастыктады. Анын айтымында, окуя Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Согмент айылында катталган.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалыматка ылайык, үч кыргыз жараны Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаасы менен Өзбекстандын карамагындагы Сох району аркылуу кыргыз мамлекетине мөмө-жемиш алып өтүүгө аракет кылган учурда өзбек чек арачылары аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бир кыргыз жараны каза болуп, бири окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Бир жаран өзбек чек арачыларынын колуна түшүп, аны Өзбекстан тарапка алып өтүп кетишкен.
Учурда кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда бул маселе тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат. Жеке айтышууларга жол берилбейт.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат. Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт.
Кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.