super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги мектептерде "Эне тилим - эне сүтүм" аттуу фестиваль өтөт

 

Бишкек мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн демилгеси менен улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөө, эне тилин, маданиятын сактоого үндөө максатында шаардын Биринчи Май районундагы жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде класстык сааттар, фестивалдар, адабий кечелер өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Бул иш-чаралар 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулууда.

Айта кетсек, №54-орто мектепте 20-февралда саат 12:00дө, №27-орто мектепте 21-февраль күнү саат 11:00дө  “Эне тилим – эне сүтүм” аттуу фестиваль, ошондой эле №19-орто мектепте 21-февралда “Улут болсом тилим менен улутмун” аттуу адабий кече өткөрүлмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: