super.kg logo

Чүй облусунун тургундары ок атуучу курал жана ок-дарыларын укук коргоо органдарына тапшырышты

 

Чүй облусунун тургундары ок атуучу курал жана ок-дарыларын укук коргоо органдарына тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, атайын жүргүзүлгөн «Арсенал» жана «Нелегал» рейддеринин алкагында өз ыктыяры менен кечээ, 12-майда Жаңы-Алыш айылынын жашоочусу, 25 жаштагы Ш.Э. Кемин районунун милиция кызматкерлерине жайыттан тапкан 5,45 калибрине таандык 11 даана ок-дарыларын тапшырган. Ошондой эле Кемин шаарынын тургуну, 28 жаштагы А.Н. аттуу жаран укук коргоо органдарына ИЖ-16 калибрлүү аңчылык куралын өз ыктыяры менен тапшырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: