Баткен. Куралдуу күчтөр менен кагылышууда курман болгон капитан Курманбек Ыкышевди эскерүү иш-чарасы өттү




Баткен облусундагы "Айдаркен" чек ара отрядынын “Кадамжай” тозотунда кечээ, 12-майда капитан Курманбек Ыкышевди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 2006-жылдын 12-майында мыйзамсыз куралдуу күчтөр менен кагылышууда капитан Курманбек Ыкышев каза
болгон. Учурда анын атын алып жүргөн “Кадамжай” тозотунда эскерүү митинги
болуп, чек арачынын эстелигине гүл коюлду. Иш-чарага "Айдаркен" чек ара отрядынын
башчысы, полковник Замир Мийзаев, Баткен облусунун Кадамжай районунун башчысы А.Мадумаров, шаардык кеңештин төрагасы
Б.Бегалиев, ардагерлер жана Баткен окуяларынын катышуучулары катышты.
Эскерүү кечесинин алкагында Кадамжай шаарынын спорттук аянтчасында Ыкышевдин жаркын элесине арналган кичи футболдук таймаш өттү. Мелдешке чек арачылардан, күч түзүмдөрүнөн жана жаш уюмдардан түзүлгөн 8 команда катышты.

