Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас облусундагы сел болгон аймактарга барды
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас облусундагы сел болгон аймактарга барды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жабыркаган жарандардын ал-абалы менен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жеринде жетекчилик кылууда.
Айта кетсек, 12-май күнү саат 17:30 чамасында Талас районунда катуу жамгыр жааган. Анын кесепетинен 71 турак үйдү суу каптап, анын ичинен 4 үй авариялык абалда деп табылган. Ошондой эле бир сарай кулап калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















