4 күндөн бери Екатеринбургдагы ооруканада баш калкалап жаткан 5 жашар Болсунбектин ата-энеси табылды

4 күндөн бери Орусиянын Екатеринбург шаарындагы ооруканада баш калкалап жаткан 5 жашар Болсунбектин ата-энеси табылды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына 13-майда баланын атасы Майрамбек Орозовдун кыргыз жериндеги эжеси Рапия Жаманкулова тастыктады. Анын айтымында, бүгүн Болсунбекти ата-энеси кыргыз мамлекетинин Екатеринбург шаарындагы консулдугунан тиешелүү документтерди жыйнап, баланы өздөрүнө алышат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, Орусиянын Екатеринбург шаарында Болсунбек апасы Гүлмира үйүнөн чыгарып жибергенин айтып, атасы Майрамбек Орозовду издеп жүргөнү 10-майда "Элдик кабар" аркылуу жарыяланган. Баланы полиция кызматкерлери көчөдө жүргөндө кезиктирип, ооруканалардын бирине убактылуу баш калкалап туруу үчүн таштап кетишкен. Ал эми оорукана жетекчилиги баланын ата-энеси табылбаса, аны балдар үйүнө өткөрүлөрүн айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
3

Аракет кылабыз.
Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Аракет кылабыз.
Тактап, кабар бергенге аракет кылабыз.