"Жер-Үй" кенин иштетүү укугун уткан компания кыргыз мамлекетине алгачкы 10 миллион долларды которду
"Жер-Үй" кенин иштетүү лицензиясын утуп алган "Восток-геолдобыча" компаниясы кыргыз мамлекетине алгачкы 10 миллион долларды которду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Айта кетсек, кенди иштетүү укугу 100 миллион долларга сатылган. Келишимге ылайык, каражаттын калган 90 пайызы 1 айдын ичинде төлөнүшү керек.
Маалыматка таянсак, аталган кенде алтындын 90 тоннадай кору бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

