Түндүк Кореянын коргоо министри аскердик иш-чара учурунда уктап калганы үчүн атылды

Түндүк Кореянын коргоо министри аскердик иш-чара учурунда уктап калганы үчүн атылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда түштүк кореялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, министр Хён Ён Чхоль 30-апрель күнү Пхеньяндагы аскер окуу жайында жүздөгөн өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда атылган. Ал 2014-жылдын июнь айында Түндүк Кореянын коргоо министри болуп дайындалган. Бирок бул тууралуу Түндүк Корея расмий маалымат тарата элек.
Айта кетсек, апрель айында Түндүк Кореяда жогорку кызматта иштеген 15 адам өлүм жазасына тартылганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Анда эч ким калбай калат го
Кудай бизге ыйман берсин!