Кыргыз мамлекети менен Кытайдын Фошань шаарынын ортосундагы кызматташтык бир баскычка көтөрүлөт
Кыргыз мамлекетинин Гуанчжоу (Кытай) шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишов Фошань шаарынын вице-мэри Май Цзиехуа менен жолугушту. Тышкы иштер министрлиги 13-майда билдиргендей, тараптар кыргыз өлкөсү менен аталган шаардын кызматташтыгын күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Башкы консул соода-экономикалык кызматташтыктан инвестициялык мамилеге өтүү сунушун айтты. "Мындан тышкары башкы консул менен вице-мэр Ош жана Фошань шаарларынын ортосунда боордоштук алака түзүү маселесин да талкулашты. Бул жаатта жыл ичинде делегациялардын эки тараптуу иш сапарлары күтүлүүдө",- деп билдирди ТИМ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















