super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте “Инвестициялык климат: экономикалык талдоонун жыйынтыктары” аттуу тегерек стол өтүүдө

 

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарында “Инвестициялык климат: экономикалык талдоонун жыйынтыктары” аттуу тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзамдарын өркүндөтүү жана эл аралык ченемдер менен стандарттарга ылайык келтирүү үчүн ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. 

“Инвестициялык тегерек стол” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ренат Хасанов: “Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынан кийин экономикалык өсүштүн туруктуу темпине жетишүүгө багытталган реформалар ишке ашырылууда, ошентсе да бир катар кемчиликтер бар”,- деп билдирди. Анын пикиринде, көйгөйлөр ар кайсы чөйрөдө, анын ичинде: мыйзамдуулукта жана анын аткарылышында, жөнгө салуу органдарындагы коррупцияда, жеке ишкерлердин менчик укуктарынын корголбогондугунда, инвестицияларды тартуудагы жана жылдыруудагы натыйжалуу эмес түзүмдөрдө болуп жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: