super.kg logo

Ош шаарынын салык төлөөчүлөрүнө ыңгайлуу эки көчмө касса ачылды

 

Бүгүн, 13-май күнү Ош шаарынын салык төлөөчүлөрүнө ыңгайлуу 2 көчмө кассанын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, КРнын Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жана ишкерлер катышышты.

Биринчи көчмө касса Навои көчөсү-11-А дарегинде, экинчиси “Кудайберди” автотетик базарында жайгашкан.

Бул касса бөлүмдөрүнүн ачылышынын негизги максаты салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет. Жаңы ачылган көчмө кассалар калаа тургундары кеңири колдонгон базар, автобекеттерге жакын болуп, жарандарга бир топ жеңилдиктерди жаратат”,- делет маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин КРнын Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкы башкармалыгы банктардын биринде салык төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн кошумча бөлүмдөрдү ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчү менен кайрылган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: