super.kg logo
  Саясат  

Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин мүчө мамлекеттерде кыргыз дипломдору менен жумушка орношууга болот

 

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин биримдикке мүчө мамлекеттерде жогорку билим алгандыгы боюнча кыргыз дипломдору таанылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкекте өткөн тегерек столдо эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. 

Анын айтымында, мугалимдер менен дарыгерлерден башка кесип ээлеринин жумушка орношуусунда эч кандай кошумча сынактардан жана тесттерден өтүү зарылчылыгы болбойт. “Мындай тартип мугалимдерге жана дарыгерлерге колдонулбайт. Алар кошумча экзамендерди тапшырып, өз деңгээлин ырасташы керек болот”,- деди Асанбаев.

Мындан тышкары ал кыргыз мамлекетинин жарандары социалдык төгүмдөрдү төлөшү керектигин кошумчалады. “Кыргыз жарандары кайсы өлкөдө эмгектенишсе, ошол өлкөнүн жергиликтүү тургундары менен бирдей медициналык жардам менен камсыздалышат. Бирок социалдык төгүмдөрдү төгүү каралган. Мындан тышкары учурда пенсия берүү маселеси каралып жатат”,- деп кошумчалады ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: