super.kg logo
  Саясат  

“Укуктук инструменттин жоктугу гуманитардык жардам көрсөтүүнүн натыйжасын азайтат” дейт депутат Жумалиева

 

Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева бүгүн, 13-майда “Өзгөчө жана кризистик кырдаал шарттарында эл аралык гуманитардык жардам жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланган семинарга катышты.

Иш-чарада депутат: 

“Зарыл болгон мыйзам базасы менен укуктук инструменттин жоктугу гуманитардык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун төмөндөтүүгө алып келет. 2010-жылы Ош, Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуяларда жапа чеккендерге гуманитардык жардам көрсөтүү маалында Кыргыз Республикасынын бул багыттагы юридикалык маселелеринде бир катар мүчүлүштүктөр аныкталган. Мындай мүчүлүштүктөрдү четтетүүгө байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттар тобу мыйзам долбоорун демилгелешти”,- дейт Жумалиева. 

Мыйзам долбоору өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда эле эмес, өлкө калкынын аз камсыз болгон катмарына эл аралык жардам көрсөтүү маселелерине дагы жайылтыларын кошумчалады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: