Бишкектеги Манас жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду
Бишкектеги Манас жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн курулушу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, курулуш иштери жүрүп жаткан жер тилкеси Бишкек шаарынын Н.Ч. аттуу тургунуна тиешелүү болгон. Мыйзамга ылайык, ал жерге турак үй курууга болбойт. Бул мыйзамсыз иш-аракеттерди Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция көзөмөлгө алыш керек эле. Бирок алар эч кандай чара көрүшкөн эмес. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

мосттон ойдо жагы гана айтматов болуп озгоргон, ылдый жагы манас бойдон эле