super.kg logo

Ош. Акыркы коңгуроо майрамында сый тамак уюштурууга, акча чогултууга жол берген жетекчилерге чара көрүлөт

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептерде Акыркы коңгуроо майрамына карата мыйзамсыз акча каражатын чогултууга тыюу салынды. Бул башкармалык тарабынан 2014-жылдын 7-мартындагы “Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу” буйругунун негизинде жүргүзүлүп, мектеп директорлоруна катуу эскертилди.

Башкармалыктан кабарлашкандай, мыйзамсыз акча чогултууга, кафе-ресторандарда сый-тамак уюштурууга жана окуучулардын кымбат баалуу унааларды жалдап алып шаар кыдыруусуна жол берген жетекчилерге административдик чара колдонулары жана окуучулар арасында тартип маселесине өзгөчө көңүл буруу керек экендиги белгиленди. 

Бүтүрүүчү класстын окуучулары мектепти аяктап жатканда ашыкча чыгым кетирүү туура эмес экендигин билдирип, аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов төмөнкүлөргө токтолду: “Бул абдан олуттуу маселе, тыюу салуунун бир нече себептери бар. Ата-энелердин социалдык абалы түрдүүчө, колунда бар теңтушуна теңелем деп жашоо шарты оор үй-бүлөнүн балдары түрдүү кадамдарга, жадакалса өз өмүрүнө кол салууга барышы мүмкүн. Акыркы коңгуроону чектен чыгып, ашыкча чыгым менен белгилөөнүн кереги жок, бүтүрүүчүлөр мектептин ичинде гана салтанаттуу узатылат” .

Акыркы коңгуроо майрамы өлкөнүн бардык аймактарында 29-май күнү өткөрүлөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
14.05.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: