super.kg logo
  Саясат  

7-апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот ишинде Оксана Малеванаянын тергөөдөгү билдирүүсү угулууда

 

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча соттук отурумда Кыргызстандын мурдагы президентинин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаянын тергөө ишинде күбө катары берген билдирүүсү угузулууда. "7-апрелде адаттагыдай эле жумушка келгем, анан Талас облусунда болуп өткөн окуялар тууралуу аймактардан ар кандай маалыматтар келе баштады. Мен ал убакта маалыматтар менен иштеп жаттым. Окуя аябай кооптуу болгондугунан Молдомуса Конгантиевге телефон чалдым, ал мага Таласта кырдаал жакшы деп айткан. Андан көп өтпөй эле Ак үйгө куралчан аскерлер келе баштады. Алардын колунда кандай курал бар экенин билбейм. Болжол менен саат 13:00дө Ак үйдүн алдында элдер топтоло баштады. Алар аябай агрессивдүү эле. Дароо эле таштарды ыргыта башташты. Алардын бири менин бөлмөмө келип түштү. Бир маалда кырдаал аябай эле күчтүү болуп кетти. Эшикте ар кандай үндөр угулуп баштаганда мен такси менен үйгө кеттим",- деген Малеваная. Ошондой эле сот ишинде ага тагылган айыптар угузулууда. Эскертип кетсек, Малеваная 2010-жылдын май айында УКМК СИЗОсуна камакка алынып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган. Андан соң ал өлкөдөн качып кетип, 2012-жылы анын Украинада экендиги белгилүү болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: