Темир Сариев министрлер менен Орусияда эмгектенген кыргыз мамлекетинин жарандарын жумушка орноштуруу маселесин талкуулады



Бүгүн, 13-майда өкмөт башчы Темир Сариев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов
менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Жолугушуунун жүрүшүндө миграциялык саясат маселеси, Орусияда эмгектенген кыргыз мамлекетинин жарандарынын абалы, аларды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу маселеси талкууланды.
Талкуу жыйынтыгы боюнча Сариев Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында чек арадан өтүү жана жарандарды жумушка орноштуруу тартиби тууралуу маалыматтык кампанияны өткөрүүнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2025-07-24

20:38
2025-07-23
11:48
2025-07-23

Рейтинг:
0

