super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын шаарынын мэри жергиликтүү тургундар менен жолугушту

 

19-февралда Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бул жолугушуу Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрында болуп, анда шаар жашоочулары, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2012-жылы Нарын шаарындагы аткарылган иштер боюнча шаар мэринин доклады окулду.

Жыйында белгилүү болгондой, 2012-жылы Нарын шаарына 226 миллион 330 миң сомдук мамлекеттик жана жеке инвестиция тартылып, шаар элин таза суу менен камсыз кылган «Ак-Бечел» суу алуучу жайы 89 миллион 728 миң сомго курулуп, пайдаланууга берилгендиги айтылды.

Мындан башка 2013-жылы шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана таза шаарга айлантуу боюнча бир катар иштердин планы талкууланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: